nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

12.01.2012

Университетибиздин борбордук китепканасында 2012-жылдын январь айынын 17-18-19 күндөрү (3 күн), ал эми Ч. Айтматов атындагы кампуста жайгашкан С.Жигитов атындагы окуу залында 2012-жылдын 17-январь күнү (1 күн) жалпы тазалык иши боло тургандыктан жабык болот.

21.12.2011

     Урматтуу окурмандар! Университетибиз жазылган Параграф аттуу электрондук укук энциклопедиясынын колдонуу мөөнөтү жүрүп жатат. Бул энциклопедия Кыргызстанга таандык баардык мыйзамдарды камтыйт жана күнүгө жаңыланып турат. Энциклопедия китепкананын серверине курулуп, калган компьютерлерге ички желе тармагы аркылуу байланыштырылат. Параграф электрондук укук энциклопедиясына байланышууну үйрөтүүчү видео "бул жерде жайгашкан".

Университетибиз үчүн бул жыл аягына дейре сыноочу байланыш ачылган "SpringerLink" толук текстүү электрондук маалымат базасынын колдонуу мөөнөтү 31.01.2012 күнүнө дейре узартылды. Электрондук маалымат базасына төмөнкү веб адрестен кирүүгө болот http://www.springerlink.com/

Кошумча маалымат үчүн телефондор: 541942-47, ички телефон 1200, 1012, 1006.

18.11.2011

     Урматтуу окурмандар, 2011-жылдын 17-декабрына чейин университетибизге "Emerald" толук текстүү электрондук журнал маалымат базасына сыноочу байланыш ачылды. "Emerald" маалымат базасында 216 аталыштагы журнал камтылган. Бул маалымат базасына http://www.emeraldinsight.com/ адреси боюнча кирүүгө болот. Базадагы журналдардын тизмеси бул жерде жайгашкан

Кошумча маалымат үчүн телефондор: 541942-47, ички телефон 1200, 1012, 1006.