nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

09.11.2012

     Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн 2012-жылдын 20-декабрына чейин Passport GMID (Global Market Information Database) маалымат базасына сыноочу байланыш ачылды. 

Passport GMID (Global Market Information Database) эл аралык салыштырмалуу маалыматтарды, базар, экономика, калктын, жеке ишканалардын болжол жана анализин, айрыкча: 15 жыл үчүн сатыштырмалуу социалдык-экономикалык болжол жана көрсөткүчтөрдү сунат (210 өлкө); Ай сайын жана үч айда бир көрсөткүчтөр; Глобалдык экономиканын жана бизнес чөйрөсүнүн оперативдүү анализи, дүйнөнүн алдыңкы экономикаларынын бардык тармактарынын курулуш иштери (18 өлкө); Кеңири керектөө буюмдары жана кызматтар үчүн стратегиялык анализ жана базар абалынын болжолу (80 өлкө); 80 өлкөдө 27 тармакта 300дөн ашуун кеңири керектөө буюмдарын сатуу; Чоң улуттук жана эл аралык ишканалардын базар үлүштөрү жана профилдери; Глобалдуу жана өлкөнүн кеңири керектөө буюмдарынын жантаймасынын көрсөткүч жана анализин камтыйт.
Маалымат базасына бул жактан байланыша 
аласыздар http://www.portal.euromonitor.com/portal/ 
Англисче колдонмо китепчеси.

07.11.2012

     Урматтуу окурмандар, Scientific & Academic Publishing (SAP)басмаканасынын илимий материалдарына байланыш ачылды.

SAP төмөндөгү материалдарды жарыялайт:

Журналдар.
Предметтердин кең диапазондо болгон ачык байланыштагы 120дан ашуун академиялык журналдар сунулган. 

Конференциялар. 
SAP конференция материалдарын сунат.

01.11.2012

     Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн 07.12.2012 күнүнө дейре Thomson Reuters Web of Knowledge маалымат базасына байланыш ачылды.

Web of Knowledge камтыган материалдар:
Web of Science:
- Science Citation Index Expanded 1975-present
- Arts & Humanities Citation Index® 1975-present 
- Conference Proceedings Citation Index™
- Social Science & Humanities: 1990-present

Derwent Innovations Index(SM): 1966-present; Бүт ааламдагы 47 петент офисинен 35 миллиондон ашык патент, 16 миллиондон ашык ойлоп табуулар, Шилтеме берген (cited) жана шилтеме берилген (citing) патент жана макалалар менен бирге толук текстүү патенттерге линктер, 1963-жылдан берки патент жана 1973-жылдан берки патенттердин шилтемелери, Жыл сайын 1,5 миллион жаңы патенттер, ISI Web of Knowledge платформу менен толук интергацияда.

Journal Citation Reports® on the Web: Science Edition 2008, Social Sciences Edition 2008; Гуматитардык илимдердин эң керектүү журналдары бар, Шилтемелер базасы, объективдүү балоо, статистикалык маалыматтарды камтыйт, Анализ инструменттери бар, Journal Impact Factor аркылуу журналдардын метрикалык өлчөөлөрүн берет, Thomson Reuters Web of Knowledge менен шайкеш иштейт, Илимпоздор үчүн илим багытындагы эң керектүү журналдарды көргөзөт, Китепканачыларга коллекцияларын байытууга көмөк көргөзөт.

Web of Science - Табигый илимдер, Гуманитардык илимдер, Санат жана Коомдук илимдер темасындагы 12 000ден ашык журналдарды жана 150 000 конференция материалдарын кылдаттык менен издөө жүргүзүп, илимий багытыңызга керектүү маалыматтарга байланышууга шарт түзүп берет. Илимий изилдөө багытыңызда маалымат жазган илимпоздордун илимий иштерин жана ошол темадагы маалымат байланыштарын колдонууга көмөк түзүп, бул маалыматтардын баарына линк берет.
Бул маалымат базасына бул жерден байланыша аласыздар.