08.11.2013

08.11.2013

     Урматтуу окурмандар! 14.11.2013 күнү саат 16.30 Экономика жана башкаруу факультетинин имаратында жайгашкан проф.др. Касым Карахан атындагы дарсканада аты аталган факультеттин мугалимдери жана студенттери үчүн, университеибизге 14.11.2013- 02.12. 2013 күндөрүнө сыноочу байланыш ачыла турган “ Passport GMID (Global Market Information Database)” маалымат базасынын онлайн танытуусун өткөзүү пландаштырылып жатат. Танытууну маалымат базанын өкүлдөрү Лондон шаарынан узактан байланыш аркылуу өткөзүшөт.

Passport GMID (Global Market Information Database) эл аралык салыштырмалуу маалыматтарды, базар, экономика, калктын, жеке ишканалардын болжол жана анализин, айрыкча: 15 жыл үчүн сатыштырмалуу социалдык-экономикалык болжол жана көрсөткүчтөрдү сунат (210 өлкө); Ай сайын жана үч айда бир көрсөткүчтөр; Глобалдык экономиканын жана бизнес чөйрөсүнүн оперативдүү анализи, дүйнөнүн алдыңкы экономикаларынын бардык тармактарынын курулуш иштери (18 өлкө); Кеңири керектөө буюмдары жана кызматтар үчүн стратегиялык анализ жана базар абалынын болжолу (80 өлкө); 80 өлкөдө 27 тармакта 300дөн ашуун кеңири керектөө буюмдарын сатуу; Чоң улуттук жана эл аралык ишканалардын базар үлүштөрү жана профилдери; Глобалдуу жана өлкөнүн кеңири керектөө буюмдарынын жантаймасынын көрсөткүч жана анализин камтыйт.

ЭБФ мугалимдери жана студенттеринен башка да каалоочулар катыша алышат.
Толук маалымат үчүн ЭБФ деканатына же Китепкана жана иш кагаздары башкармалыгына кайрыла алышат.


Печать