nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

20.02.2012

Ачык байланышта болгон İntechOpen басма үйүнүн электрондук китеп маалымат базасына бул адрестен (http://www.intechopen.com/) байланыша аласыздар. İntechOpen басмаүйүнүн электрондук китептери .pdf форматында болуп жүктөөгө уруксат берилген. 
Базада төмөндө белгиленген темаларда жалпы 1150 даана электрондук китеп бар:

  • физика илимдери, Проектирлөө жана Технология (695)
  • Илим жана жашоо (93)
  • Илим жана ден-соолук (337)
  • Коомдук илимдер жана адамзат (5)

Мындан тышкары:

  • Роботтордун Эң Алдынкы Системаларынын Эл Аралык Журналы.- ISSN: 1729-8806
  • Инженердик Бизнес Башкаруу Эл Аралык Журналы.- ISSN: 1847-9790
  • Радио Жыштыгы жана Сымсыз Сенсор Байланыштарынын Окшоштугу Эл Аралык Журналы.- ISSN: 1847-9812
  • Наноматериалдар жана Нанотехнология.- ISSN: 1847-9804
  • Азык-түлүк Коркунучу Анализинин Эл Аралык Журналыl.- ISSN: 1848-2368

атуу, толук тексттүү илимий 5 журналдын баардык сандарын да окуй аласыздар. Бул китептерди өзүнүн веб баракчасындан тышкары китепканабыздын электрондук каталогунан да (http://yordam.manas.edu.kg/) Түр – еКитеп, Бөлүм – Интех(Online) деп белгилеп туруп, издей аласыздар.

15.02.2012

     Урматтуу окурмандар, Университетибиз үчүн 2012-жылдын 30-май айына дейре World eBook Library электрондук китеп маалымат базасына байланыш ачылды World eBook Library маалымат базасы 200 миңге жакын басмаканалардын 2,7 миллион электрондук китептерин камтыйт. Китептердин 85% англис, 160 миң немис, 175 миң француз, 10 миң орус, 850 арап, 900 түрк-осман тилдеринде.

Маалымат базага бул жактан байланыша аласыз.

14.02.2012

     Урматтуу окурмандар! Китепкана жана иш кагаздары башкармалыгы Студенттердин китеп окуу анализи (2010-2011 жылдарын салыштыруу) аттуу темада изилдөө ишин жүргүздү.

Бул изилдөөнүн жыйынтыгын бул жерден көрө аласыздар.

13.02.2012

     Урматтуу окурмандар, Университетибиз үчүн 31-декабрь 2012-жылына дейре OECD-iLibrary электрондук маалымат базасына байланыш ачылды. OECD-iLibrary маалымат базасы 5000ден ашык китеп, 500 аталыштагы журнал, статистикалык маалыматтар, иш докладдары ж.б. камтыйт.

Тематика боюнча:

  • айыл чарба;
  • чөйрө жана экология;
  • транспорт;
  • билим;
  • миграция;
  • экономика жана финансы;
  • илим жана технология;
  • саламаттык сактоо ж.б.

Маалымат базасы бул адресте жайгашкан http://www.oecd-ilibrary.org/

12.01.2012

Университетибиздин борбордук китепканасында 2012-жылдын январь айынын 17-18-19 күндөрү (3 күн), ал эми Ч. Айтматов атындагы кампуста жайгашкан С.Жигитов атындагы окуу залында 2012-жылдын 17-январь күнү (1 күн) жалпы тазалык иши боло тургандыктан жабык болот.