nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

03.10.2012

     Урматтуу окурмандар, Университетибиз 2013-жылдын Ноябрь айына дейре World eBook Library электрондук китеп маалымат базасына жазылды. World eBook Library маалымат базасы 200 миңге жакын басмаканалардын 2,7 миллион электрондук китептерин камтыйт. Китептердин 85% англис, 160 миң немис, 175 миң француз, 10 миң орус, 850 арап, 900 түрк-осман тилдеринде.

Мындан тышкары, Кыргызстандагы илимий китепканалар тарабынан жүргүзүлгөн проект аркылуу “Кыргызстан электрондук илимий китепканасы” (Kyrgyzstan Virtual Science Library) аттуу толук тексттүү электрондук маалымат базасы иштей баштады.

World eBook Library маалымат базасына бул жактан байланыша аласыз. 
Kyrgyzstan Virtual Science Library маалымат базасына бул жактан байланыша аласыз.

28.05.2012

     Жаңы ачылган Ч.Айтматов атындагы окуу залы 01-16-июнь 2012 күндөрү академиялык убакыт боюнча иштейт:

Дүйшөнбү - Жума: 08.30 - 20.00
Ишемби: 10.00 - 18.00
Жекшемби: Дем алуу.

22.05.2012

     Университетибиздин китепканасы 22 Май 2012 күнү Ч. Айтматов атындагы окуу залында, Кыргызстан китепканалар күнүнө карата, Кыргызстан китепкана жана маалымат консорциумунун мүчөлөрүнө “Кыргызстандын илимий өнүгүүсүндө электрондук маалымат ресурстарынын мааниси. Туркия мисалында” аттуу жыйын өткөрдү. Жыйында “Томсон рейтер” фирмасынын Түркиядакы координатору жана “Микро Билги” фирмасынын мүдүрү Метин Тунч тарабынан “Кыргызстандын илимий өнүгүүсүндө электрондук маалымат ресурстарынын мааниси. Туркия мисалында” аттуу доклады жана “World e-Book Library” электрондук китеп маалымат базасынын презентациясы болду.

Презентациялар:
1. Каким образом Web of Knowledge сможет помочь исследованию и науке Кыргызстанa, иx видимости и эффективности (орусча) (англиcче) 
2. “World eBook Library” маалымат базасы.

29.03.2012

     Урматтуу окурмандар, “Полпред” орусча маалымат базасына 2013-жылдын 15-апрелине чейин байланыш ачылды. Универсалдуу толук текстүү бул маалымат базасы төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Орусча маалымат агенстволорун; Экономика, укук жана Орусия менен байланыш боюнча аналитика; 1998-2010 жылдары үчүн 230 өлкө, 42 бөлүм, 600 булак; htlm форматында 190 миң кабар, pdf форматында жылдык 1400 том журналдар; Жүздөгөн өнөр жай саясаты, товар жана кызмат базары боюнча дүйнөлүк сурамжылоо кызматы.
  • Экономика жана укук: 230 өлкө, 42 бөлүм.
  • Орусия Федерациясы жана чет өлкөлөрдүн өнөр жай саясаты.
  • Кабар жана массалык маалымат каражаттары.
  • Өнүгүүдө болгон экономикалардагы инновациялар.
  • Орусия Федерациясынын 83 темасында чет өлкөлүк инвестициялар.
  • Орусия үчүн товар жана кызмат базарларын изилдөө.
  • Миңдеген ТВ каналдары жана электрондук гезиттер.
  • Мекеме жана бизнестин жүз миңдеген телефондору.
  • Экспорт жана импорт үчүн базарлар.
  • Мекеме жана фирмалардын миндеген веб баракчалары.
  • Орусия Фередациясындагы чет өлкөлүк фирмалардын жана дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү.

Маалымат базасына бул жактан байланыша аласыз.

12.03.2012

     Ачык байланышта болгон Oapen электрондук китеп маалымат базасына бул адрестен (http://www.oapen.org) байланыша аласыздар. Oapen басма үйүнүн электрондук китептери .pdf форматында болуп жүктөөгө уруксат берилген. Төмөндө китептердин темасы жана даанасы берилген. Базада жалпы 1000 даана электрондук китеп бар.

  • Biography and True Stories (10)
  • Children's, young adult and educational (5)
  • Computing and information technology (11)
  • Earth sciences, geography, environment, planning (22)
  • Economics, finance, business and management (76)
  • English language teaching (ELT) (1)
  • Fiction and related items (6)
  • Health and personal development (1)
  • Humanities (291)
  • Language (37)
  • Law (76)
  • Lifestyle, sport and leisure (5)
  • Literature and literary studies (65)
  • Mathematics and science (80)
  • Medicine (18)
  • Reference, information and interdisciplinary subjects (44)
  • Society and social sciences (400)
  • Technology, engineering, agriculture (17)
  • The arts (98)

Бул китептерди өзүнүн веб баракчасындан тышкары китепканабыздын электрондук каталогунан да (http://yordam.manas.edu.kg/) Түр – еКитеп, Бөлүм – Oapen(Online) деп белгилеп туруп, издей аласыздар.