28.04.2007
2007-жылдын 26-27-Апрель айында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Китепкана жана иш кагаздары башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Улуттук Китепканасы менен бирге "Маалымат алкагындагы китепканалар: Салты өнүгүү стратегиясы" атуу 1-Китепкана жумалыгын куттукташты. 1-Китепкана жумалыгына Түркия Республикасынын Улуттук Китепкана башкармалыгынан, Кыргыз Республикасынын университет, калк, облустук, райондук, айылдык китепканларадан, о.э. басмаканалардан, китеп сатуучу борборлордон, баардыгы болуп 100гө жакын катышуучулар болушту. Жумалыктын 1-күнү Кыргыз-Түрк Манас университетинин Ата Манас залында “Кыргыз Республикасынын маданият саясаты жана китепканалар”, “Азыркы абалда китепканаларды маалымат булактары менен камсыз кылуу жана коргоо” жана “Китепканалардагы автоматташтырылган технологиялар жана системалар. Электрондук маалыматтар, булактар, китепканалар” атту темаларда докладдар окулду. Жумалыктын 2-күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук Китепканасынын чоѕ актовый залында “Китеп сатуучу субъекттер менен китепканалардын байланыштары: абалы жана проблемалары” аттуу темада докладдар окулду.