nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

27.09.2022

       Урматтуу окурмандар! Университетибиздин китепканасы 2022-жылдын 10-октябрынан баштап академиялык убакыт боюнча иштеп баштайт.

Иштөө убакыттары:
Борбордук китепкана:
Дүйшөнбү - Жума: 08:30-22:00 (17:30-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залындан гана колдоно алышат);
Ишемби: 11:00-22:00 (18:00-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залындан гана колдоно алышат);
Жекшемби: 14:00-20:00 (бул күнү окурмандарга китептер берилбейт, китеп окуу залындан гана колдоно алышат);

Проф.докт. Азиз Санжар атындагы китепкана:
Дүйшөнбү - Жума: 08:30-20:00 (17:30-20:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат);
Ишемби - Жекшемби: Дем алыш

* Расмий майрам күндөрү китепкана иштебейт;
* Бул иштөө убакыттары 10.10.2022 – 31.05.2023 күндөрүнө тийиштүү;
* Даярдоо курсунун (Башкы имарат), Адвокат Бахаттин Жейлан атындагы (Экономика жана башкаруу факультетинин имараты) жана Проф.,докт. Анварбек Мокеев атындагы (Коммуникация факультетинин имараты) окуу залдары академиялык убакыт ичинде жөнөкөй иш саатына жараша иштейт;
* Академиялык календарь боюнча күзгү семестрдан кийинки каникул убагында китепкананын иш убактысы жөнөкөй иш саатына өтөт же кечки иш сааты кыскартылышы мүмкүн.

06.06.2022

       Урматтуу окурмандар! 2022-жылдын 18-июнунан баштап бардык китепканалардын жана окуу залдардын иштөө убакыттары жайкы мезгилге өтөт.

Иштөө убакыттары:
Дүйшөмбү - Жума: 08.30-17.30:
Ишемби – Жекшемби жана расмий майрам күндөрү: Дем алыш.

28.02.2022

       Урматтуу окурмандар! Китепкана жана иш кагаздары башкармалыгы тарабынан 2016 жылдан бери жүргүзүп келе жаткан “Илимий басылмалардын электрондук каталогу” 2022-жылдын февраль айында жаңы версияга өткөрүлдү. Бул электродук каталог университетибиз атынан жарык көргөн илимий басылмаларды (макала, конференция докладдары, редакциялык материалдар, китеп бөлүмү ж.б.у.с.) камтыйт. Илимий басылмалар керектүү эрежелер боюнча индекс түрү, темасы, факультети, бөлүмү, маалымат базалары ж.б. жараша классификацияланган. Каталогдо жөнөкөй жана деталдуу издөө, издөө жыйынтыгын филтирлөө, ички бөлүнүш таблицаларды көрүү, ар бир басылманын Google Академиядагы абалын көрүү, басылмага байланышуу, издеп жаткан сөздү YÖK диссертациялар, Aperta, Harman, Tr Dizin, Pubmed маалымат базаларынан издөө процесстерин кылууга болот. Мындан тышкары Окумуштуулардын Scopus, Google Академиядагы басылмаларынын абалын, YÖK Академиялык маалымат системасында катталган макала, долбоор, доклад, китептердин тизмесин көрүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Система 4 тилде иштейт.
       “Илимий басылмалардын электрондук каталогуна” китепкана веб баракчасындагы “Электрондук каталог” бөлүмүнөн же бул адрестен кире аласыздар (https://yordam.manas.edu.kg/aea/). Системанын колдонмо көрсөткүчү китепкана веб баракчасындагы “Колдонмо көрсөткүчтөр” бөлүмүндө.