12.03.2015
Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн IEEE Xplore digital libraryэлектрондук маалымат базасына 23.03.2015 - 04.04.2015 күндөрү үчүн сыноочу байланыш ачылат. Аталган маалымат базасында компьютердик илимдер, электрондук инженерия жана электроника боюнча илимий макалалардын индекси, абстракты жана толук тексти жайгашкан. Маалымат базасы негизинен Электрондук инженерия жана электроника институту (IEEE) менен Инженерия жана технологиялар институтунун материалдарын камтыйт. IEEE Xplore санариптик китепканасы электротехника, информатика жана электроника боюнча дүйнөдө эң көп цитата алынган 3.5 млндон ашык басылманын толук тексттине веб-байланыш камсыз кылат.
• 174 IEEE журналы
• 26 IET журналы
• 400 конференциянын материалдары
• 2800 + IEEE стандарты
• Чексиз жүктөп алуу мүмкүнчүлүгү
• 1.4 миллондон ашык автор (Түркиядан 7000ден ашык)
• 20+ VDE конференциялардан 6400дөн ашык макала
• Bell Labs Technical Journal журналына байланыш
• 1800-жылдардан берки архив
• 1800 электрондук китеп жана 400 үйрөтүү курсу
• IEEE Xploreге ай сайын 20.000 миң документ кошулуп турат
• Акысыз техникалык жардам жана үйрөтүү
Маалымат базага бул жерден байланыша аласыздар.
Маалымат база туралуу брошюра Англисче Орусча.