nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

17.03.2021

       Урматтуу окурмандар! 2021-жылдын 23-Март күнү саат 10:30 жана 16:00 до, 25-Март күнү да саат 10:30 жана 16:00 до китепкана жана иш кагаздары башкармалыгы тарабынан “Китепкана электрондук маалымат булактарын колдонуу (Электрондук каталог, VETİS - Электрондук маалымат базаларга университеттин тышынан байланышуу, Мобилдик китепканам)” темасында онлайн семинар өткөрүлөт.
Семинардын адреси: https://meet.google.com/jqs-ertm-ajh
Суроолор үчүн Китепкана жана иш кагаздары башкармалыгына же Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. адресине кайрылыңыздар.

15.02.2021

       Урматтуу китепкана колдонуучулары, Университетибиз үчүн байланыш ачылган электрондук маалымат базаларына бир эле колдонуучу аты жана сыр сөз менен университеттин тышынан байланышуу үчүн “VETİS – маалымат базаларга байланыш жана статистика системасы” колдонууга ачылды.
“VETİS” системасына бул адрестен кире аласыздар.
“VETİS” системасынын колдонмо көрсөткүчү бул адресте.
Суроолор үчүн Китепкана жана иш кагаздары башкармалыгына же Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. адресине кайрылыңыздар.

10.02.2021

       Түркстан жыйнагы Германиядагы Интернет Архивинде. Кыргыз-түрк “Манас” университетинин китепканасынын “Түркстан жыйнагы” аттуу маалымат базасы Орто Азия жана Сибирь ылайыкташтырылган маалымат кызматынын Интернет-архиви долбооруна кошулду.
Орто Азия жана Сибирь ылайыкташтырылган маалымат кызматы долбоору Германиядагы Гёттинген мамлекеттик жана университеттик китепканасы менен Германия изилдөө фонду тарабынан жүргүзүлөт. Түркстан жыйнагынын Орто Азия жана Сибирь ылайыкташтырылган маалымат кызматына кошулуусу, Кыргыз-Түрк “Манас” университети китепканасы жана иш кагаздар башкармалыгы долбоорду аткаруучу аталган мекеме жана уюмдун кызматташтыгынын натыйжасында ишке ашырылды.
Кыргыз-түрк “Манас” университети тарабынан 2016-жылы түзүлгөн ачык байланыштуу, толук текстүү “Түркстан жыйнагында” 18-кылымдын экинчи жарымынан 20-кылымдын биринчи жарымына чейин Орто Азияда жашаган түрк тилдүү калктардын тарыхын чагылдырган 594 томдук сейрек кездешүүчү тарыхый булак камтылган.
КТМУ китепканасы тарабынан жүргүзүлгөн иш чара аркылуу бул жыйнактын бардык томдорундагы 17941 макала “Йордам китепкана автоматтык системасына” сакталып изилдөөчүлөрдүн колдонуусуна сунулган.