VETİS - маалымат базаларга байланыш жана статистика системасы

     

 

“Web of Science” маалымат базасы дүйнөлүк масштабдагы импакт-фактору жогору болгон, табигый жана так илимдер, социалдык илимдер, искусство, адам жана коом тармагында жарыяланган 12.800ден ашуун илимий журналдарды, 12.000 конференция материалдарын камтыйт. Маалымат база Clarivate Analytics (Thomson Reuters) компаниясына таандык көп дисциплинардык шилтеме индекстеринен турат.
Шилтеме боюнча отчет түзүү

     

 

Taylor and Francis Journals Online - бул маалымат базасы университеттик басмакана жана дүйнөдөгү баардык коммерциялык журнал чыгаруучу басмаканалардын эң чоңу болуп саналат. Маалымат база баардык тармактагы 17 миңге жакын илимий журналдарды камтыйт.

     

 

JSTOR маалымат базасы Area Studies (521 titles), Arts (857 titles), Business and Economics (1306 titles), History (3767 titles), Humanities (3879 titles), Law (432 titles), Medicine and Allied Health (356 titles), Science and Mathematics (1642 titles), Social Sciences (5566 titles) темалардагы илимий журналдардын электрондук түрүн камтыйт.

     

 

Коомдук, гуманитардык жана медициналык багыттагы 16 миң аталыштагы мезгилдүү жана сурамжылоочу басылмаларды камтыган, 11 маалымат базасынан турган EBSCOэлектрондук маалымат базасы eIFL.Direct проектисинин алкагында Кыргызстанга сунушталып колдонуу мүмкүнчүлүгү ачылган.
Паролу менен

     

 

Укук боюнча маалыматтардын топтому. Бул ченемдик укук актысы жана ченемдик техникалык документердин тексттерин, мыйзам чыгаруу үчүн түшүндүрмөлөрдү, Жогорку соттун чечимдерин, сот тажрыйбаларынын серептерин жана башка маалыматтарды камтыйт.

     

 

Manas eLibrary - китепкана тарабынан түзүлгөн электрондук китептердин маалымат базасы. Баардык тармактарды камтыган 4572 электрондук китеп бар. Университеттин ичине гана ачылган.

     

 

Түркстан жыйнагы – XVIII кылымдын экинчи жарымынан XX кылымдын башына чейинки Орто Азиядагы түрк элдеринин тарыхын чагылдырган дүйнөдөгү сейрек кездешүүчү 594 томдон турган тарыхый булак.

     

 

«Sage Journals» маалымат базасында бизнес, гуманитардык жана социалдык, техникалык жана медицина илим тармактары боюнча 824төн ашуун журнал бар.

     

 

Oxford University Journals, искусство жана гуманитардык илимдер, укук, медицина жана саламаттыкты сактоо, коомдук илимдер, математика ж.б. тармагындагы 260 изилдөө журналына байланыш ачылды.

     

 

De Gruyter Journal Collection илимий изилдөөлөрдүн бардык багыттарын камтыган 210дон ашык журналдарга мүмкүнчүлүк берет: прикладдык илимдер, бизнес жана менеджмент, гуманитардык илимдер, укук, медицина жана саламаттыкты сактоо, математика, коомдук илимдер жана башкалар

     

 

«E-Duke Journals Scholarly Collection» маалымат базасында Дуке университетинин гуманитардык жана социалдык илим тармагындагы 44 аталыштагы журналдарды камтыйт.

     

 

Royal Society Journals Collection - маалымат базада физика жана биология тармагындагы 11 журналдын толук текстин 1665-жылдан берки номерлери менен камтыйт.

     

 

Mathematical Science Publishers (MSP) маалымат базада математика тармагындагы рецензияланган 17 журналды камтыйт.

     

 

IMechE журналдар 1847-жылдан бүгүнкү күнгө чейин инженердик бардык аспектилерин камтыйт. Машина куруу комплексинде кобүрөөк жарыктын тереңдигин сунуш кылуу үчүн ар бир башка 18 журнал, анын ичинде IMechE тин 16 илимий эмгектери техниканын белгилүү бир аймагына арналган.

     

 

Физика Институтунун маалымат базасы 42 аталыштагы журналдарды камтыйт. Физика Институтунун бардык журналдарына, 10 жылдык архиви менен, катталган уюмдар онлайн аркылуу кошумча төлөмсүз кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Негизги функционалдык мүмкүнчүлүктөрүнүн арасында - өз алдынчалуулук каражаттарын өнүктүрүү жана мультимедиа менен HyperCiteTM технологиясынын өзүнчө мүмкүнчүлүгү да каралган. HyperCiteTM технологиясы колдонуучуларга тандалган макалаларга цитата келтирет же цитата келтирилген жерлерин табууга мүмкүнчүлүк берет. Бул каражат INSPEC маалымат базасына жана Los-Alamos e-print server электрондук басылмаларга окшогон сырткы ресурстардагы маалымат таянычтарын шилтемелеп көрсөтүү менен бирге, көптөгөн басылмалардын онлайн журналдарына кирип көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

     

 

“Edward Elgar Journals & eBooks” маалымат базасында укук, экономика, менеджмент жана лидерлик багытында 5 илимий журнал (Journal of Human Rights and the Environment, Queen Mary Journal of Intellectual Property, Review of Keynesian Economics, European Journal of Economics and Economic Policies, Leadership and the Humanities темаларда) жана финансы, инновациялык өнүгүү, корпоративдик башкаруу, саламаттык сактоо, миграция, интеллектуалдык менчик укугу, укук реформасы ж.б.у.с. багыттарда 187 электрондук китептер бар.

     

 

“OpenEdition” – коомдук жана гуманитардык илимдердеги илимий маалымат кызматынын комплекстүү санариптик инфраструктурасы.

     

 

AGORA – айыл чарбасына жана ага жакын тармактардан болгон: биологиялык жана коомдук илимдер, айлана-чөйрө жана жаратылыш боюнча  илимий журналдардын толук текстеринин жалпы электрондук базасынан бекер пайдаланууну камсыздайт.  AGORA – бүткүл дүйнөгө таанымал: Blackwell Publishing, Kluwer Academic Publishers, Lippincott, Oxford University Press, Springer-Verlag, Elsevier басылмаларынын 500дөн ашык журналдары менен камсыздайт.
Паролу менен

     

 

HINARI программасы, саламаттык жана биомедицина тармактары боюнча дүйнөлүк жыйнактардын, адабияттардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат. Маалымат базада 14000 журнал (30 ар кайсы тилде жарыяланган) 46000ге жакын электрондук китептер, 70ге жакын ар кандай маалымат ресурстары бар. Аталган маалымат ресурстары 100дөн ашык өлкөнүн илимпоздору үчүн колдонууга ачык. 
Паролу менен

     

 

OARE - биология, биотехнология, генетика, ботаника, өсүмдүктөр, климатология, метеорология, экология, энергия, чөйрө химиясы, жаратылыш ресурстары, чөйрө инжинериясы, география, миграция, жер илими, суу, зоология, жаныбарлар ж.б. тармактарды ичине камтыйт жана 100 өлкөдөн келген 5710 ашык илимий жана пуллицистикалык журналдар бар.
Паролу менен

     

 

ARDI (The Access to Research for Development and Innovation) – инновациялык изилдөөлөрдү өнүктүрүү программасы WIPO (World Intellectual Property Organization) тарабынан жөнгө салынып илимий-техникалык маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган. ARDI маалымат базасында илимдин ар кайсы тармактарын камтыган 5100дөн ашуун журнал, 19000 электрондук китеп жана 20дан ашуун ар кандай маалымат ресурстары бар. 
Паролу менен

     

 

GOALI - укуктук маалыматка глобалдык онлайн мүмкүндүк алуу, өнүгүп келе жаткан мамлекеттерде бекер же арзан баада укуктук изилдөө жана окутуу программасы болуп эсептелет.
Паролу менен

     

 

Ачык байланыштагы маалымат базалары