nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

18.09.2014

     Урматтуу окурмандар! Университетибиздин китепканасы 2014-жылдын 1-октябрынан баштап академиялык убакыт боюнча иштеп баштайт.
Иштөө убакыттары:
Борбордук китепкана:
Дүйшөнбү - Жума: 08:30-22:00 (20:00-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат);
Ишемби: 11:00-22:00 (18:00-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат);
Жекшемби: 12:00-20:00 (бул күнү окурмандарга китептер берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат).

Ч. Айтматов Окуу Залы:
Дүйшөнбү - Жума: 08:30-22:00 (20:00-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат);
Ишемби: 11:00-22:00 (18:00-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат);
Жекшемби: Дем алыш.

Даярдоо курсу Окуу Залы (Башкы имарат):
Дүйшөнбү - Жума: 08:30-20:00;
Ишемби: 11:00-18:00;
Жекшемби: Дем алыш.

* Расмий майрам күндөрү китепкана иштебейт.
* Бул иштөө убакыттары 01.10.2014 – 01.06.2015 күндөрүнө тийиштүү.
* С. Жигитов атындагы окуу залы академиялык убакыт ичинде жөнөкөй иш саатына жараша иштейт.
* Академиялык календарь боюнча күзгү семестрдан кийинки каникул убагында китепкананын иш убактысы жөнөкөй иш саатына өтөт же кечки иш сааты кыскартылышы мүмкүн.

23.04.2014

     Урматтуу окурмандар! Китепканабыздын автоматташтырылган программасында окурмандардын gmail.com э-почтасына китепканабыздан үйгө берилген китептерди кайра өткөрүү жөнүндөгү жөнөтүлгөн эскертүү билдирүүлөрүбүздү gmail.com сервери спам деп кабыл албай жатат. Ошондуктан китепнадабыздын автоматташтырылган программасында каттаткан gmail.com э-почтаңызды алмаштырууңуз керек (эң жакшысы университетибиздин manas.edu.kgэ-почтасын колдонууңуз). Бүгүндөн баштап китепканабыздын автоматташтырылган программасындан gmail.com э-почта адрестери өчүрүлөт. Э-почтаңызды алмаштыруу үчүн, Борбордук китепкана (Телефон ички номери 1717, 1710,1709), Ч. Айтматов окуу залы (Телефон ички номери 1685), Даярдоо Курсу окуу залы (Телефон ички номери 1002) чалсаңыз болот же http://yordam.manas.edu.kg/ адресиндеги электрондук каталогубуздан “Отурум ачып” жеке маалыматтарым бөлүмүндөн өзүңүз алмаштырсаңыз болот.

24.03.2014

     Урматтуу окурмандар! Университетибиз колдонуп жаткан JSTOR электрондук маалымат базасын, “Кыргыз виртуалдуу илимий китепканасы” (ВИК) (VSL Kyrgyzstan - Virtual Science Library) (http://www.kyrgyzstanvsl.org) электрондук маалымат базасы аркылуу да колдонууга шарт түзүлдү. JSTOR маалымат базасын VSLдин университеттен тышкары байланышуу (Узактан байланышуу) кызматы аркылуу да колдоно аласыздар.